Башкы барак
|
Учкай маалыматВикипедия — ыктыярчылар тарабынан жазылуучу, универсалдуу, көп тилдүү, онлайн энциклопедия. Википедияны каалаган түзөтө алат делгени менен, Википедия объективдүү жана текшерилүүгө мүмкүн болууга умтулат. Маңызы негизги принциптерде чагылдырылган. Википедиянын дээрлик бардык мазмуну, аны эркин (белгеленген шарттар аткарылса) колдонууга, өзгөртүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берчүдөй лицензияланган. Калганы коомдук энчиде же ак ниет пайдаланууда. Кыргыз Википедиясынын калыптануусун, жетишсиз адам ресурстарын жана Википедиянын өзгөчөлүгүн эске алып, маалымат колдонууда этият болуңуз. Википедиячылардын жүрүм-турумун Жалпы жүрүм-турум кодекси жөнгө салат.
Билесизби? |
макалалардын бири КлиматКлимат — тар мааниде (жергиликтүү климат) ― белгилүү би�� аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими; кең мааниде ― статистикалык сүрөттөмөнү камтыган климат тутумунун (атмосфера, биочөйрө, гидросфера, литосфера, криосфера) абалы. Климат түшүнүгү жалаң Жерге таандык эмес, бул түшүнүк башка атмосферасы бар астрономиялык объектерине (планеталар ж.б.) да таандык.
Глобалдык жана жергиликтүү климаттарды изилдөөсүндө ар башка ыкмаларды колдонушат. Глобалдык климатты ― климатологиянын, жергиликтүү ― метеорологиянын ыкмалары менен изилдешет. Климатология метеорология илиминин бөлүмү. Жергиликтүү климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт. Жергиликтүү климаттын негизки аныктоочу факторлор: Күндүн нур агымы, атмосферанын айлануусу, жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү. Кайндайдыр бир мейкиндикте климаттык процесстер өтүү боюнча макроклиматты, мезоклиматты, микроклиматты ажыратышат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.
Жаңылыктар
| ||
Википедия Викимедиа фондунун серверлеринде жайгашат.
|